24.10.2018 17:40

ИИМ «Шамбесай» участкасындагы жагдай боюнча билдирүү таратты

ИИМ «Шамбесай» участкасындагы жагдай боюнча билдирүү таратты

ИИМ Кадамжай районундагы «Шамбесай»  участкасындагы жагдайда милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш жүргүзгөнүн айтып, билдирүү таратты. 

Маалыматта 2018-жылдын 23-октябрында «Z-EXPLORER» алтын кен компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү 60га жакын тургундары менен жолугушуу болуп өткөнү айтылат. 

Анда жазылгандай, эколог эксперттердин «Шамбесай» алтын кени ачылуучу жайдан «анализге топурак алып жыйынтыгын айтабыз» деген сөздөрүнө айыл тургундар макул болушпай, 100гө жакын тургун чогулуп, топурак алдырбай каршылык көрсөтүшкөн. Бирок коомдук тартипти сактоо турган милиция кызматкерлеринин жардамы менен, эколог эксперт кызматкерлери анализге топурактан, суудан жана ошол жердин абасын да тийиштүү аппараттар менен текшерип алып кетишкен. 

«Жогорудагы окуя— Майдан айылынын тургундары эколог эксперт кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратышкандыгы боюнча,  Кадамжай РИИБинин маалымат каттоо китебине катталып, азыркы учурда кошумча жагдайлар иликтенүүдө,  жыйналган материал боюнча чечим кабыл алынууда. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш жүргүздү, ар кандай тартип бузууларга жол берген жок. ИИМ бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин эскертет жана тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт», -дешет ИИМден.

Буга чейин, аталган тилкеде милиция кызматкерлери айыл тургундарын күчкө салып, алып кетип бараткан тасмалар тараган. Тартип сакчыларынын жергиликтүү элге кылган мындай мамилеси социалдык тармактын колдонуучуларынын катуу нааразычылыгын жараткан.